Опузалап пара алган милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
12-майда ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаран милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. 10-майда болжол менен саат 23:00 чамасында ал өзүнө караштуу Хонда-Акорд үлгүсүндѳгү унаасы менен Бишкек шаарынын Киев көчөсү менен кетип бара жатканда артынан кызматтык унаа менен милиция кызматкерлери кууп барып токтотушкан. Милиция кызматкерлери «унааны айып токтотуучу жайга киргизебиз» деп коркутуп, 15 миң сомду опузалап талап кылышкан. Жаран аргасыздан электрондук капчыгы аркылуу 12 миң сомдон ашык акча каражатын милиция кызматкерлеринин бирине которгон.
Бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, пара алган милиция кызматкерлеринин өздүгү такталып, кармалган.