«Жоголгон кыздын сөөгү ички органдары жок табылган» деп жалган билдирүү тараткан киши кечирим сурады

Аксыда 39 жаштагы киши WhatsApp социалдык тармагында жансыз денеси табылган кыз тууралуу туура эмес маалымат айткандыгы үчүн кыздын жакындарынан кечирим сурады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Буга чейин WhatsApp мессенжеринде Аксы районунун Кашка-Суу айылынын элине жоголгон кызды мисал кылуу менен эскертүү берип, этият болууга чакырган үн жазуу тараган. Анда «Билесиңер кыз ички органдары жок, зордуктоонун белгилери менен табылган. Экспертизанын жыйынтыгы чыкты» деп айткан. Бул аудио социалдык тармактарда башка тайпаларга да тарап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн. Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Аксы РИИБи тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул үн жазууну жаздырып тайпаларга тараткан Аксы районунун тургуну 1982-жылы туулган жаран экени аныкталган. Ал бул үн жаздырууну айыл өкмөттүн элине балдарга көз салуу менен этият болууга чакырып, бирок кыз тууралуу толук маалымат билбей туруп «экспертиза чыкты» деп тайпаларга бөлүшүп жибергендигин, бул туурасында өкүнүп жаткандыгын айтып, жалпы коомчулуктан жана маркум кыздын жакындарынан кечирим сурады.

Бул факты Аксы РИИБге катталып, учурда алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.