«SuperTV» телеканалы Талас менен Нарында өчүрүлдү. Себеби эмнеде?

1-августтан тартып Талас, Нарын облустарында «SuperTV» баш болгон бир нече телеканал тартпай калган. Бул маселе боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Санариптик технологиялар ЖЧКсынын жетекчиси Жоодар Сапарбаев себебин төмөнкүдөй түшүндүрдү.

 

— Учурда Талас, Нарын облустарында Санариптик технологиялар ЖЧКсынын курамына кирген «SuperTV», «NewTV», «NextTV» жана башка телеканалдар өчүрүлдү. Анын негизги себеби — каржылык тартыштык. Бирок аларга таасир эткен жогору жакта башка себеп да бар. Бул мамлекеттик теле жана кино чөйрөсүндөгү жетекчилердин натыйжасыз иш алып баруусу. Алар тил мыйзамы деп телеканалдарды атайын жабайын деп жатышабы же ошого такап жатышабы, айтор, учурда күчтүү, акчалуу каналдар жабылып калды.

Мындан сырткары 2012-2015-жылы санариптик технологияга өтөбүз деген маалда аналогдук технологияга караганда эфирге чыгуу арзан болот деп ишендиришкен. Бирок бүгүнкү күндө тескерисинче болуп жатат. Бизде эки телевизиондук чөйрөдө иштеген оператор бар. Биринчиси, бул мамлекеттик, «Кыргызтелекомдун» астында иштеген РПО РМТР (Радиорелейлик магистралдарынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси),  экинчиси биздин жоопкерчилиги чектелген коомдук санариптик технологиялар компаниясы. Биздин станциянын баары РПО РМТРнын базасында турат, аларга көз каранды. Алар акыркы учурда ижара акыны 45 пайызга көтөрдү. Бизге да ага байланыштуу телеканалдарга ижараны көтөрүүгө туура келди.

Ошондон улам Нарын менен Талас облустарындагы телеканалдар ижара акысын төлөй албай калгандыктан, 1-августтан баштап убактылуу өчүрүлдү», — дейт Сапарбаев.