«SuperTV телеканалынын кызматкери тарабынан тартип бузуу болгон эмес». «ПолитКлиника» медиасынан фактчекинг

SuperTV телеканалынын журналистинин парламенттик аккредитациясынын алынышы эрежеге туура келбейт. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасы фактчекинг жүргүзүп, макала жарыялады. Анда аталган басылма журналисттер кандай учурда аккредитациядан ажыратыларын жана токтотула турганын карап көрдү.

Журналист аккредитациядан ажыратуу боюнча эреже бузган эмес

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин Жогорку Кеңешке аккредитациялоо жөнүндө эрежеде төмөндөгүлөй жазылган.

Жогорудагы жобого ылайык, атайын комиссия ЖМК өкүлдөрүн эреже бузган учурда аккредитациядан ажыратууга укуктуу.

Бул эрежеге ылайык, SuperTV телеканалынын кызматкери тарабынан эреже бузуулар болгон эмес.

Жыйынтык: Журналисттерди Жогорку Кеңешке аккредиттөө жөнүндө эрежесине ылайык, SuperTV телеканалынын кызматкери тарабынан тартип бузуу болгон эмес.

Кечээ, 18-майда SuperTV телеканалынын журналистине журналисттик милдетин аткаруу үчүн Жогорку Кеңешке кирүүгө тыюу салынган болчу. Бүгүн, 19-майда да SuperTV телеканалынын журналисти Жогорку Кеңешке киргизилген жок.