Сутка ичинде 337 адамдан коронавирус аныкталып, 5 адам көз жумду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 337 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Анын ичинде Бишкек шаары – 126, Ош шаары – 62, Чүй облусу – 36, Ош облусу – 45, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 21, Жалал-Абад облусу – 33, Баткен облусу – 8.

Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Бишкекте төрт, Чүйдө бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 847 адамды түздү.