«Суу жок сасып, биттеп кеттик. Мен да элге окшоп жашоону каалайм» дейт 36 жаштагы келин

Арзыгүл Мырзакасымова 36 жашта. SUPERTV’нын бүгүнкү каарманы ымыркайы менен Бишкектин четиндеги таштанды таштоочу жайдан алыс эмес жакта күн кечирет. Анын биринчи турмушунан 3 баласы бар. Аларды Ош жергесинде балдардын атасы карайт. Келин Бишкекке келип, өзүнөн 8 жаш кичүү жигитке турмушка чыккан. Уулу төрөлүп, торолгон соң «чалба» деген бойдон кайтып келген эмес. Келин өз күчү менен бир бөлмөнү тургузуп алган.  «Бул жерге жарык эми тартылып жатат. Суу жок» деген келин тагдырын баяндады.

«Мектепти 5-класска чейин эле окугам. Менден кийин дагы 5 бир тууганым бар. Ошолорду карадым. Талаада иштедим. Атамдан кыйналып калышты. Пахта терчүбүз. Инилерим, сиңдилерим азыр чоңоюшту. Ар бири өз оокаты менен алек»,- дейт келин.

Ал базардан ар кандай суусундуктарды алып келип, сатат. «Баламдын памперстерине жарап турсун деп сатып жатам. Өзүң аракет кылбасаң эч ким бербейт да. Бул жакта суу жок. Сасып, биттеп кеттик. Тооктун капасындай болуп эле жашайбыз. Күнүмдүк жашоо менен жүрөм. Кийинейин десем акча жок.Элге окшоп жашоону каалайм»,- дейт каарманыбыз.