Жал кичи районунда жана Арча-Бешик конушунда магистралдык суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу 17-18-апрелде муздак суунун убактылуу өчүрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Өчүрүү 17-апрелге саат 08:00гө белгиленген. Бул иштердин алкагында суу түтүгүнүн 11 участогунда бураматээктер алмаштырылат.
“Бишкек суу канал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды суу камдап алууларын өтүнөт.