Суукка карабай чек ара кайтарган чек арачылардын видеосу

УКМКнын Чек ара кызматы суукка карабай чек ара кайтарган чек арачылардын видеосу менен бөлүштү.

«Мекенин чын дили менен сүйгөндөр гана кандай гана шартта болбосун чек араны кайтарууга белсенет. Ушул аяз күндөрү да -30, -46 градус температурада чек ара кезметтери күнү-түнү мамлекеттик чек аранын бардык периметринде күзөткө чыгышууда. Биз эгемен Кыргызстандын чек арасынын сакчыларыбыз!» — деп айтылат маалыматта.