Сузактагы кырсык боюнча милициядагы бир катар жетекчилер кызматтарынан алынды

2-май күнү Сузак районунда болгон окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия ички иштер иштер министрлигинин кызматкерлери боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.

Тактап айтканда, өткөрүлгөн иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 кызматкер тартиптик жазаларын алышты. Алардын ичинен Сузак РИИБдин башчысы, анын орун басары жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду. Андан сырткары Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилик курамына жана Сузак РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бир нече кызматкерлерине карата тартиптик чаралар көрүлдү.