Сузакта чөгөлөп кечирим сураган окуучу кыз боюнча министрлик маалымат таратты

Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинде окуучу кыз чөгөлөп кечирим сураган видеону бөлүшүп жатышат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Билим берүү министрлиги менен байланышканыбызда, бул боюнча ички иликтөө иштери жүрүп жатканын, кошумча маалымат берилерин билдиришти.

«Бойго жетип калган чоң класстын окуучу кызын мугалимдер карап туруп, окуучулардын көзүнчө чөгөлөтүп кечирим суратууга болобу? Бул эмне деген маңкуртчулук, биз кайсы кылымда жашап жатабыз? Бойго жеткен кыздын намысы эмне болду, эртең өзүнө-өзү кол салбайт деп ким кепилдик берет? Бул Жалал-Абад облусу Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров мектеби. Кыз курбу кызынын жакасына ручка менен чийип койгондугу үчүн кыздын энеси келип ушундай жазалоого үндөп, мугалимдер кызды ыйлатып, чөгөлөтүп кечирим суроого мажбур кылган. Бул окуя быйылкы жылдын февраль айында болгон», — деп жазды видеону бөлүшкөн жаран.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу, тарбиялык иштер боюнча орун басары, соцпедагог жана класс жетекчилер менен сүйлөшүлүп, окуянын жүрүшүндөгү кетирилген кемчиликтер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилгенин билдирди.

«Ошондой эле Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө окуянын жыйынтыгы боюнча тиешелүүлүүгүнө жараша мектептин администрация мүчөлөрүнө, соцпедагогдоруна жана класс жетекчилерине мыйзам чегинде жаза колдонуу милдеттендирилди», — деп айтылат маалыматта.