Сузактагы жаңы төрөтканада төрөлгөн ымыркайларга Камчыбек, Кыдырша деген ысым берилди

Баатыр эне «Алийма Ташиева» атындагы Эне жана Баланы коргоо борборундагы төрөт үйүндө алгачкы наристелер дүйнөгө келди. Биринчи төрөлгөн наристе Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургундары Рустамовдордун үй-бүлөсүнө кубаныч тартуулады. Ата-энеси наристеге генерал Камчыбек Ташиевдей уул болсун деген аруу тилек менен Камчыбек деп ысым ыйгарышканын билдиришти.

Ал эми экинчи төрөлгөн наристе Сузак районунун Көк-Арт айылынын тургундары Айтбаевдердин үй-бүлөсүнөн болуп, ага Камчыбек Кыдыршаевичтин урматына Кыдырша деп ысым ыйгарышканын маалымдашты.

Дарыгерлер эки наристенин да, алардын энелеринин да саламаттыгы жакшы экенидигин билдиришти. Эне-балдар адистердин көзөмөлүндө.