Сузактагы медицина кызматкерлерине ипотекалык турак жайлар берилди

Бүгүн, 20-декабрда Сузактагы Алийма Ташиева атындагы эне жана баланы коргоо борборунун медицина кызматкерлерине ипотекалык турак жайлар берилди. Иш-чарага cаламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов катышып, ак халатчандарга батирлердин ачкычтарын тапшырды.
Батирлер 4% чен менен Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Манас шаарындагы турак-жайларынан берилген. Бул камкордук медицина кызматкерлеринин жашоо шарттарын жакшыртууга жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган. Иш-чаранын алкагында Айбек Маткеримов “Асман Резиденс 1” турак жай комплексиндеги медицина кызматкерлеринин батирлерин көрүп чыгып, шарттары жана түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр менен жеринде таанышты.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аталган борбордон кабар алган. Анда ал медицина кызматкерлерине Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан батирлерди берүүгө өзгөчө көңүл бурууну, ошондой эле шарттарын максималдуу түрдө ыңгайлаштырууну МИКтин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнө тапшырган болчу. Андан сырткары медицина кызматкерлери ар тараптуу колдоого алынары белгилеген.