Сузактын Барпы айылында 1 чакырымга жакын жол пайдаланууга берилди

Бүгүн, 22-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айылындагы жаңыдан асфальт төшөлгөн ички жолду пайдаланууга тапшырды.

Жаңыланган жолдун ачылыш аземи жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү. Жолго асфальт төшөө менен бирге, жарыктандыруу жана көпүрө куруу иши да бүткөрүлгөн. Жолдун узундугу 1 чакырымга жакын аралыкты түзөт жана каржы жагы толугу менен Ташиевдердин үй-бүлөсү тарабынан камсыздалган.

Камчыбек Ташиев жергиликтүүлөр менен баарлашып жатып: «Өлкө башчыбыз Садыр Жапаров тарабынан элдин жашоо-шартын жакшыртуу тапшырмасы коюлган. Демек, ар бирибиз колубуздан келишинче карапайым элибиздин жашоо шартын жакшыртууга аракет кылышыбыз керек. Мамлекетибизде бүгүнкү көрүлүп жаткан иштердин жана саясаттын негизги багыты дагы өлкөбүздү күчтүү мамлекеттердин катарына кошуу жана элибизди бакубат жашоо менен камсыз кылуу. Биздин элибиз оң-солго же түндүк-түштүккө, уруу-урууга же башка белгилерге карата бөлүнбөшү керек жана биримдик, ынтымак сакталышы зарыл. Андай жолдорго барып жаткандар болсо, биз катуу жаза берүүгө милдеттүү болобуз», — деди.