Свердлов районунда жайгашкан суу объектилери текшерилди

Свердлов районунун аймагында рейддик текшерүү жүргүзүлүп, суу объектилеринин жанында тыюу салынган белгилердин бар экендиги текшерилди. Текшерүү муниципалдык администрациянын “Суу объектилериндеги кырсыктарды алдын алуу боюнча кошумча чараларды көрүү жөнүндө” кабыл алынган буйругуна ылайык жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Рейддик иш-чарага муниципалдык администрациянын кызматкерлери, Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле №20 МАБдын  жана № 21МАБдын кызматкерлери катышышкан.

Текшерүү учурунда Чоң-Чүй каналынын Тоголок Молдо, Осмонкул, Үсөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрү менен кесилишиндеги агымы каралган.