«Сүйүктүү кызым менен 8 жылдан бери сүйлөшөм». Блогер «Бөрү» жоокерлери сүйлөп берген видеону бөлүштү

Мали аты менен белгилүү блогер «Бөрү» жоокерлери менен сүйлөшүү учурунда тартылган видео менен бөлүштү. Биринчи жоокер чек арадагы атышуу 14-сентябрда саат 08:00 чамасында башталганын айтып жатканын угууга болот. «14-сентябрда саат 08:00 чамасында атуу башталды. Кийин токтоду. 2 күндөн кийин жаңы күч менен кайра башталды», — дейт.

Экинчи жоокерден «бүгүн эмне жедиңер?» деген суроого «ботко, нан, таттууга шоколад» деген жооптуу алган.

Дагы бири сүйлөшкөн кызы бар экенин айтып, аны менен 8 жылдан бери сүйлөшөрүн, анын кабатыр болуп жатканын билдирди. «Мен 25 жаштамын, үйлөнүшүм керек», — дейт ал күлүп.