Сыймык Жапыкеев коронавируска каршы вакцина алып, жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды (сүрөт)

Достор, Кытай вакцинасын алдым, караңгычылыктын кереги жок, Ковид-19 Кытайдан башталган, алар вирусту буюрса утушту. Эмне деген тартип, мээнет кетти. Бул тууралуу Финполдун мурунку башчысы Сыймык Жапыкеев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Баары жараткандын колунда, бирок «сактанганды сактаймын» дейт. Достор, вакцина алыш керек. Эгерде ооруп калсаңар 1000 долларга дарыланасыңар, вакцина алсаңар жукса да женил өтөт экен. Европа, Америка, Орусия баары алып башташты»- деп жазды ал.