Сүлүктүдө бир учурда 13 бала сүннөткө отургузулду (сүрөт)

Сүлүктүдө бир учурда 13 бала сүннөткө отургузулду. Бул тууралуу Сүлүктүнүн мэри Болот Абдыжапаров билдирди.

«Сүлүктү шаардык мэриясы, Сүлүктү шаарындагы диаспора өкүлдөрү жана демөөрчүлөр менен биргеликте, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 13 баланын сүннөт тоюн өткөрдүк. Уюштуруу иштеринин башында турган диаспора лидери Зебриниса Тагаевага ыраазычылык билдиребиз», — деп жазды ал.