Сүлүктүдө үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан киши дагы эле табыла элек

Сүлүктүдө үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан киши дагы эле табыла элек. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 24-декабрь күнү издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМдин Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчилигинен 6 куткаруучу, ИИМден 16 кызматкер, жалпы 22 адам тартылды.

19-декабрда 1980-жылы туулган эркек киши үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө улантылып жатат.