«Сүрөткө түшкөнү келдиң беле?». Бейшеналиевге аялдын ачууланып жаткандагы видеосу тарады

Социалдык тармактарга саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге аялдын ачууланып жатканы тартылган видео тарап жатат. Видеодон аялдын ачууланып, министрге «сүрөткө түшкөнү келдиң беле?», «кана тартпайсыңбы, уят деген болуш керек да» деп жатканын көрүүгө болот.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, маалымат такталып жатканын айтышты.