Сүт баасы 40 сомдон кем эмес белгиленсе, эмне болот? Сүттү кайра иштетүүчүлөрдүн жообу

Smolensk, Russia - June 13, 2014: Milk tanker traveling on a rural road in the center of Russia

Айыл чарба министрлигинин аянтчасында Экономика министрлиги менен Чүй, Талас жана Ысык-Көл облусунун чийки сүттү кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жумушчу кеңешме болуп өттү.

Аталган жыйында төмөнкү маселелер каралды:
— тоют базасына рыноктук бааларды эске алуу менен чийки сүттүн сатып алуу баасын жыл сайын корректировкалоо;
— мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, даярдоочулардын, фермерлердин, кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы салыштырмалуу баа макулдашуусу.

Сүттү кайра иштетүүчүлөр сүт баасы 40 сомдон кем эмес белгиленген сатып алуу баасы боюнча ой бөлүштү. Алар чийки сүттүн сатып алуу баасы бир литрин 40 сом деңгээлинде белгиленсе, пастерленген сүттүн бир литринин (майдын 2,5%) наркы орточо 20-30%га, ал эми сары майдын килограммы дээрлик 10-20%га жогорулай тургандыгына көңүл бурушту. Ошондой эле, башка сүт азыктарына да баалар көтөрүлөт. Ошол эле учурда заводдордун өкүлдөрү фермерлер берип жаткан сүттүн сапаты жетишсиз экендигин белгилешти. Сүт иштетүүчүлөр мындай сапатта орто эсеп менен бир литр чийки сүттөн болжол менен 600 мл пастерленген сүт чыгат, ал эми калган сүт азыктарын өндүрүү үчүн негиз болуп саналат деп түшүндүрүштү. Мындан тышкары, бир литрине 40 сом баа коюу бир катар сүт ишканаларынын жабылышына жана сүт даярдоочулардын ишин токтотууга алып келет. Бул өз кезегинде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна, бодо малдын санын кыскарышына, жумуш орундарынын азайышына, жергиликтүү сүт азыктарын өндүрүүнүн төмөндөшүнө, импорттун көбөйүшүнө коркунуч келтириши мүмкүн.

Кеңешменин жүрүшүндө сүттү кайра иштетүүчүлөр сүттүн баасы 3,4% жана 3,6% майлуулугу боюнча базиске карата кандай жол менен эсептелгенин (кайра эсептөө формуласы) түшүндүрүштү. Мисалы, чийки сүттүн баасы 36 сом/л болсо, базиске карата майлуулугу 3,4%, анык майы 2,8% болсо, баасы 29,64 сом/л түзөт. Жолугушуунун катышуучулары техникалык топту түзүү идеясын колдошту жана баа макулдашуусу аркылуу чийки сүткө бааларды жөнгө салуунун сунушталган механизмин кийинки отурумда талкуулоого даяр экендиктерин билдиришти.