Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында калыңдыгы 10 сантиметрге жеткен кар жаады. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тийиштүү кызматкерлер таңкы саат бештен тартып жолдорду толугу менен тазалашкан. Учурда Бишкек-Ош, Талас-Тараз-Суусамыр жолдору ачык.

“Транспорт жана жолдор министрлиги айдоочулардан жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну жана аралыкты сактап айдоону суранат. Ошондой эле, жанына чынжырча, күрөкчө алып алууну эскертебиз”, — деп жазылат маалыматта.