«Таанышы берген баштык үчүн камалып кеткен». Депутат абакта жаткан билим берүүнүн отличниги тууралуу айтып берди

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңеште трибунада сөз сүйлөп, абакта жаткандардын маселесин көтөрдү. Ал депутаттар абактарга барып келгенин, анда билим берүүнүн отличниги, пенсионер аял менен сүйлөшкөнүн айтты.

«Токтогулдук билим берүүнүн отличниги, пенсионер эжекени көрүп, сүйлөштүм. «Балдарым, неберелерим студент болчу. Ошолорго Бишкекке бара жатсам, таанышым Токтогулдан баштык берип жиберди. «Сосновка» постунан ичинде баңгизат бар экенин билдик. Кармап кетишти» дейт. Эже 7-8 жылга эркинен ажыратылып, жазасын өтөп жатыптыр. Уга берсең, мындайлар өтө көп», — деди ал.