Табылга тапкан таластык тургундун үйүнө адистер барышты (сүрөт)

5-февраль күнү кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин кызматкерлери Талас шаарынын тургуну Таалайбек Эстебесовдо тарыхый баалуулугу бар буюмдар сакталып турат деген маалыматты алышкан.

Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин башкы директорунун илимий иштер боюнча орун басары Камил Мамадалиев турган илимий-топ айтылган дарекке барышкан. Анда үй ээси 2023-жылдын болжолу июнь айынын ичинде, Кең-Кол жайлоосу тарапка кеткен автоунаа жолунан болжолу 2-2,5 чакырым түндүк тарабындагы Чочой өзөнүндөгү эски мал короонун ордуна туугандары менен бирге сарай салууну көздөшүп, пайдубалынын орундугун дайындап казып жатып, бир топ байыркы буюмдарды таап алганын билдирген.

«Аларга кароо жүргүзүлгөн учурда темир балта, чукулдук, жез кумуранын туткасы, курлардын тогоолору, ат жабдыктарынын шөкөт буюмдары, аялзатына таандык шакектер жана тыйындар болуп чыкты. Балта 11 сантиметр калыңдыктагы темирден жасалган. Күрөң-саргыч тартып дат баскан абалда сакталган», — деп айтылат маалыматта.

Табылган буюмдарды өз эрки менен тапшырып берген Таалайбек Эстебесовдун музей фондусун байытууга зор салым кошкондугун эске алып, жетекчилик тарабынан ыраазычылык билдирүү менен Ардак грамота тапшырылган.