“Тагдырым таштандыга байланды” деген селсаяктын жашоосу 4 күндүн ичинде өзгөрдү

SUPERTV каналы 18-февралда “Тагдыр” көрсөтүүсүнүн алкагында Мыктыбек Имаров аттуу каармандын тагдырын баяндаганбыз. Ал видеодо таштанды таштоочу жайда жашаарын жана барар жери жок экенин айткан эле. Видео биздин каналга чыккан соң редакциябызга байланышып каарманга жардам бергиси келгенин айткандар болду.

Видео чыккандан 2 күндөн кийин менин 10 жылдан бери көрүшө элек айылдаш, досторум пайда болушту. Ушул убакыт аралыгында алардын үйүндө  жашадым. Азыр кичи мекеним Баткендин Кадамжай районуна бара жаткан учурум. Айылда мени апам күтүп жатат” дейт Имаров.

Каармандын досу Асан Дарипов: “Биз досубузду Бишкекте иштеп жүрсө керек деп ойлогонбуз. Видеону көргөндөн кийин классташтарыбыз менен сүйлөшүп, аны айылга жөнөтүүнү туура көрдүк. Мен шаардык таштанды таштоочу жайга барып, ошол жакта жүргөндөр аркылуу Мыктыбекти таап, үйгө алып келип, жуунтуп, үстү-башына кийимдерди бердим. Эми айылда досторубуз күтүп жатат. Алар тосуп алышат. Силерге  рахмат”, — деди.

Мыктыбек Имаровдун видеосун бул жактан көрө аласыздар: