Тай-Мурас Ташиев “Кыргызнефтегаздан” миллиарддардын уурдалышы боюнча үн катты

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев соцтармактагы баракчасы аркылуу Салык кызматы тарабынан таратылып жаткан маалыматтар боюнча түшүндүрмө берди.
«Ачык маалыматтарда көрсөтүлгөндөй, “Кыргыз Петролеум Компани” (“Кыргызнефтегаз”) 2021-жылдан 2025-жылдар аралыгында жалпы 357,9 миң тонна дизтопливо өндүрүптүр. Менин “Мока Групп” компаниям 2021-жылдан 2025-жылдар аралыгында бул ишканадан жалпы 5 463 тоннага жакын гана дизтопливо сатып алган. Бул көлөм “Кыргыз Петролеум Компани” өндүргөн дизтопливанын 1,53 % гана түзөт. Бул сатып алууларда тийиштүү салык мамлекетке төлөнгөн.
Демек, бул жерде бизге карата айтылган: ““Кыргыз Петролеум Компаниге” монополия кылып алган, бүт дизтопливасын “Мока Групп” сатып алган, башкалар сатып ала албай калган” жана башка таратылган маалыматтар толугу менен калп. Бизден башка фирмалар дагы өзүнө керектүү көлөмдө сатып алып келишкен.
Мага жеткен маалыматтарга ылайык, учурда “Кыргыз Петролеум Компани” дизтопливо өндүрүшүн жакынкы күндөрү токтотуу алдында турат. Анткени, алардын кампалары толуп, дизтопливону сатып алуу кескин азайганы айтылып жатат. Анын тийиштүү адистери жеке фирмаларга байланышып, дизтопливо сатып алуусун сунуштап, кардар издеп жатышканы дагы белгилүү болду. 
Тийиштүү тараптардан болсо, бизге байланыштуу туура эмес маалыматтарды таратпооңуздары суранабыз», — деп жазылат билдирүүдө.