Тайгаланып кулап калбоо үчүн эмне кылуу керек? Министрликтен кеңеш

Кыш мезгилинде айдоочулар үчүн жол кыймылынын негизги шарты – сактык, ылдамдыктын төмөндүгү жана этияттык. Ал эми жөө жүрүүчүлөр тайгаланып жыгылып кетүү коркунучун азайтуу үчүн төмөнкү жүрүм-турум эрежелерин сактоо керек:

Сактык жана этияттык – бул тайгаланып жыгылып кетүү коркунучу бар учурдагы жүрүм-турумдун башкы принциптери.

Тайгалак көчөдө кетип бара жатканда шашпагыла, кескин кыймыл аракет кылбагыла.

Басып бара жатканда буттун кыймылы эркин болуп, тизе бир аз бүгүлгөн абалда болушу керек, дене бир аз алдыга умтулуп турушу керек.

Колду чөнтөккө салып жүрүү адаты чоң коркунуч жаратат. Улгайган адамдарга башына желим капталган аса таяк таянып жүрүү сунуш кылынат.

Жолдун унаа өтүүчү тарабынан мүмкүн болушунча алыс кармануу керек.

Жолду кесип өтүүдө да абдан сак болушубуз керек. Көчөнүн башка тарабына жөө кишилер өтүүчү атайын өтмөктөрдөн гана өтүү керек.

Тайгакта тепкичтер дагы эң чоң коркунучту жаратат.

Кышкы бут кийим ыңгайлуу жана тайгаланбай турган болушу керек.

Таманды толук жерге коюп кылдаттык менен басуу керек.

Эгер болбой эле кулап кетээриңизди сезип турсаңыз, хоккейчилер сыяктуу ылдый отуруп, бир тарапка кыйшайыңыз. Чалкасынан кулаган адамдын кыр аркалары жана омуркасы жабыркап, ал эми колдорун алдыга созуп жыгылганда –ийин же билек сынып кетиши мүмкүн, ошондуктан дене мүчөлөрүңөрдү топтоого аракет кылгыла: чыканактарды капталга кысып, башты ийинге катып, булчуңдарды чыңалткыла.

Жаракат алган учурда, өзүн өзү дарылоодон баш тартып, медициналык кызматкерге сөзсүз жана токтоосуз кайрылыңыз!