Тажик чек арачылары автоматты кайтарып беришти. Рация табыла элек. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.
Кечээ, 24-мартта Арка-Борбордук жолунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, анда тажик тарап кыргыз аскер кызматкеринен тартып алган АК-74 автоматын өткөрүп берди. Радиостанция табыла электигин жана издеп жатышканын билдиришкен.