Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу кечээ, 24-мартта Чек ара кызматынан маалымдашты.
Лейлек районуна караштуу Борбордук айылында кызмат өтөп жаткан чек ара кезмети УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте Hyundai-Porter үлгүсүндөгү унааны кампалардын биринде пластмасса жүктөрү менен аныкташкан. Териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн автоунааны чек ара заставасына айдап баруу чечими кабыл алынып, кампанын ээси автоунааны айдап бара жаткан, аны Чек ара кызматынын эки аскер кызматкери коштоп бара жаткан. Арка-Борбордук айылына жакын жолдон Тажик Республикасынын 15-20 жараны чогулган жерде айдоочу унаасын токтотуп, качып кеткен. Тажик Республикасынын жарандары Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин кармоого аракет кылышкан. Hyundai-Porter үлгүсүндөгү автоунаанын артынан келе жаткан Кыргызстандын «Жаңы Жер» чек ара заставасынын башчысы аскер кызматкерлерин жана курал-жарактарды басып алуунун алдын алуу максатында бир нече жолу эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болгон. Тажик жарандары Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин кармай алышкан эмес, бирок алар Калашников автоматынын 1 даанасын ок-дарысы жок жана 1 радиостанцияны алып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Чыр-чатактын ырбап кетишине жол бербөө максатында Баткен жана Согди облустарындагы чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда токтоосуз телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жакынкы аралыкта жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынып, анда тажик тарап автомат жана радиостанцияны тапшыра турган болду.