Баткенде токтотулган тажиктердин фураларындагы жүктөр көрсөтүлдү (сүрөт)

11-май күнү Баткен шаарында Тажик жарандарынын оор жүк ташуучу 3 унаасы эл тарабынан токтотулган. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан ал жүк ташуучу унаалар менен Орусиядан күнүмдүк керектелүүчү буюмдар ташылып келе жатканын кабарлашты.

Баткен шаарында Тажик жарандарынын оор жүк ташуучу 3 унаасы эл тарабынан токтотулганда милиция кызматкерлери одоно мамиле жасап, ошол жерде турган жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видеолору соцтармактарда тараган. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан ал кызматкерлердин ишине баа берилерин билдиришти. Милициянын маалыматына караганда, автоунаалар кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу 7-майдан бери облустун кире беришинде токтотулган бойдон турган. Алар 11-майда ички иштер башкармалыгынын унаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан. Орто жолдо жергиликтүү тургундар менен түшүнбөстүктөр чыккан.