«Тажик тарап эскертүүсүз биринчи ок чыгарды». Жергиликтүү бийлик өкүлү чырдын эмнеден башталганын айтып берди

«Тажик тарап эскертүүсүз биринчи ок чыгарды. Эки өлкөнүн күч түзүмдөрү кыргыз-тажик чек арасында атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат». Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев журналисттерге билдирди.

«Чек арадагы абал оор. Саат 18:15 чамасында Төрт-Көчө жергесинде адамдар чогулуп, белгисиз себептерден улам жолду тосуп алышканы тууралуу маалымат бизге түштү. Кийин чек арага чектеш аймакта тажик тарап курулуш иштерин баштаганы аныкталды. Ал жерге күч түзүмдөрү барып, абалды курчутпай, ишти токтотууну сурап, сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылышкан. Бирок тажик тарап баш ийбей, ишин уланта беришкен. Тажик жарандары жолду буушкан. Ал жерге президенттин өкүлү, аким барып, сүйлөшүү жүргүзүп, жолду ачып, бирок 10 мүнөттөн кийин эле тажик тараптан ок атылды. Азыркы тапта атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деди Маруфхан Тулаев.

Ал атышуу болуп жаткан аймактан жергиликтүү тургундар көчүрүлүп жатканын жана жаракат алгандар тууралуу маалымат түшпөгөнүн билдирди.