Тажикстандын Башкы прокуратурасы 27-январда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстандын чек арачыларына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмонго шилтеме берүү менен «ТАСС» жазып чыкты.
Басылма чек арачыларга жана Кыргыз жарандарына карата айрым кылмыштарды жасаган деген айып тагылып, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын жазды. Ошол эле учурда Юсуф Рахмон кылмыш иштерине катышкан адамдардын санын тактаган эмес.
28-январда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча «тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси менен кылмыш иши козголгонун маалымдашкан.










