Тажикстан Кыргызстанга чек араны ачууну суранып кат жөнөттү

Тажикстан кыргыз бийлигине кызматташтыкты калыбына келтирүү жана чек араларды ачуу боюнча расмий кат жөнөттү. Бул тууралуу «Озоди» радиосуна Тажикстандын Транспорт министрлигинин апталык «Наклиет» гезитинин башкы редактору Хандонгүл Доробова билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тарап азырынча катка жооп бере элек. «Биз азырынча Бишкектен жооп ала элекпиз. Тажикстан өз кезегинде өлкөлөр ортосунда транспорттун эркин жүрүүсүн камсыз кылууга даяр», — деди ал. Тажикстандын Кыргызстандагы элчилиги «Озоди» радиосуна билдиргендей, эки өлкөнүн бийлиги мамилени калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат, бирок чоо-жайын айтуудан баш тартты.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын Баткен облусундагы куралдуу кол салуудан кийин жапкан. Жаңжалдан 189 кыргызстандык жаракат алып, 36 адам каза болгон, анын ичинде балдар да бар. 170тен ашуун үй жана социалдык объектилер өрттөнүп кеткен.