Тажикстанда төрт Кыргыз жараны кармалган, бирөө соттолгон. ТИМдин комментарийи

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанда мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн Кыргызстандын төрт жараны кармалгандыгы тууралуу ЖМКлардын билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Маалыматта 19-апрелде Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине кыска мөөнөттө кармалган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин консулунун жолугушуусун уюштурууга көмөктөшүү өтүнүчү менен нота жөнөтүлгөнү айтылат. Ошол эле учурда тажик тарап бул жарандардын кармалышы боюнча расмий маалымат берген эмес. Тажикстандын укук коргоо органдарынын оозеки маалыматы боюнча, Кыргызстандын 4 жаранына Тажикстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн айып тагылган. Алар азыр Дүйшөмбүдөгү тергөө абагында камакта.

9-июлда Исмоили Сомони райондук соту тарабынан бир жаран беш жылдык мөөнөткө кесилген. Эки жаранга каршы соттук отурум 12-июлда өтүшү керек болчу, бирок күбөлөр келбей калгандыгына байланыштуу 16-июлга жылдырылган. Ушул эле сотто дагы бир жарандын иши 14-июлда каралат.

Буга чейин кыргыз жараны Айбек Махмудов жана Кыргызстандын дагы үч жараны — Абдулбос Нуридинов, Иброим Мурзамидинов, Хатамбек Эгембердиев 10-апрелде Тажикстандын Жерге-Тал районунда кармалгандыгы белгилүү болгон.