Тажикстандын кол салуусунан жаракат алгандардын саны 140 адамга жетти

Тажикстандын кол салуусунан жаракат алгандардын саны 140 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Жабыркагандардын көбү, тагыраагы 102 киши Бишкек жана Ош шаарындагы ооруканаларга которулду. Калганы Баткен облусундагы бейтапканаларда дарыланышууда.