«Өткөн жылдагы кол салууда жарадар болуп, «Эрдик» менен сыйланган болчу». 26 жаштагы Бейкут Алмаз уулу жерге берилди

Тажикстандын кол салуусунан каза болгон 26 жаштагы улук лейтенант Бейкут Алмаз уулу жерге берилди.

Ал Нарын районунун Эчки-Башы айылында туулган. 2013-жылы Бишкектеги жогорку аскер институтуна тапшырып, окууну 2017-жылы ийгиликтүү аяктап, Баткен облусунун заставаларына бөлүнгөн. 2021-жылдын апрелиндеги Баткен коогалаңында жарадар болуп, анда көрсөткөн эрдиги үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу эле. Ата-энеси да аскер кызматкерлери болгон.