Тажикстандын кол салуусунан каза болгон аскерлерди эскерүүнү Шаирбек Ташиев демилгеледи

Бүгүн, 23-декабрда Улуттук тарых музейинде Тажикстандын кол салуусунан каза болгон аскерлердин элесин түбөлүк калтыруу максатында сүрөт көргөзмө уюштурулуп, анда аскерлердин портреттери Улуттук тарых музейине өткөрүп берилди.

Аталган иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана курман болгон баатырлардын жакындары катышты.

Депутат Жеңишбек Токторбаев соцтармактагы баракчасында жогорудагы иш-чарага барганын жана тарыхый демилге көтөрүп ишке ашырган кесиптеши Шаирбек Ташиевге ыраазычылык билдирди.