Тажикстандын кол салуусунан каза болгон прапорщиктин жакындарына үй берүү маселеси чечилип жатат

2022-жылдын 17-сентябрында Тажикстандын кол салуусунан прапорщик Ыслам уулу Бектур кызмат учурунда каза болгон. Ал 31 жашта болчу. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакындары кайрылып, мамлекет убадалаган үй берилбей жатканын билдиришкен. 

«Артында 3 баласы калды. Үчүнчүсү ушул жылдын 10-январында төрөлдү. Бизге убадаланган үй дагы деле бериле элек. Бизге Бишкектен үй берилген, бирок ал үйдүн абалы өтө начар болчу. Анын үстүнө Бишкек алыс болуп калат. Балдар да кичинекей, каралашканга адам жок. Апасы 2-топтогу майып. Бишкектеги үйдөн баш тартып, Оштон бергиле деп суранганбыз. Оштон 15-ноябрга чейин беребиз деп убадалашкан, бирок дагы эле жок», — дешти.

Чек ара кызматынан анын үй-бүлөсүнө демөөчүлөр тарабынан Бишкекте үй берилгенин, бирок анын жакындары Оштон үй алууну суранышканын билдиришип, маселе чечилип жатканын айтышты.

Тажикстандын кол салуусунан прапорщик Ыслам уулу Бектур 1991-жылы Ош облусунун Жапалак айылында туулган. Ал №2001 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн учурунда каза болгон.