Тажикстандын кол салуусунан үйү толугу менен оңдоого муктаждарга 300 миң сом бөлүнөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров суук түшө электе бузулган турак жайларды калыбына келтирүү зарылдыгын баса белгиледи. Бул максатта Ош жана Жалал-Абад облустарынан керектүү атайын техникалар жана адистер тартылат.

«Турак жайларды калыбына келтирүү иштери тез арада жүргүзүлүшү керек. Баткен жана Лейлек районунун тургундарына өзгөчө мамиле талап кылынат, алар бардык зарыл нерселер менен толук камсыз болушу керек. Атайын эсепке жарандардан 307 миллион сом түшкөн. Бул финасылык каражаттар бир тыйынына чейин Баткен облусунун тургундарына багытталат. Бул маселе менин өзгөчө көзөмөлүмдө турат», — деди ал.

Профилдик түзүмдөргө үйлөрү жабыркаган жана капиталдык оңдоого муктаж жарандарга эки этапта 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды атайын эсептен бөлүп берүү тапшырмасы берилди. Үйлөрү жабыркаган, бирок капиталдык оңдоого муктаж үйлөрдүн категориясына кирбей калган жарандарга 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө республикалык бюджеттен бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө чечимдин долбоорун кыска мөөнөттүн ичинде президенттин администрациясына киргизүү тапшырмасы берилди.

Экономика жана коммерция министрлигине 10 күндүк мөөнөттө жабыр тарткан ишкер субъекттерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө токтомдун долбоорун толуктап иштеп чыгуу жана президенттин администрациясына киргизүүсү тапшырылды.

Энергетика министрлигине электр энергиясын үзгүлтүксүз берилишин камсыздоо жана чек арага жакын жайгашкан айылдардагы жабыркаган үй-бүлөлөрдү бекер көмүр менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Тиешелүү ведомстволорго Ак-Сай жана Чоң-Талаа айылдарындагы жалпы билим берүү мектептерин коопсуз аймактарга куруу боюнча тапшырмалар берилди.