Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалган кыргызстандык эки окуучу бошотулду

Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалган Лейлек районунун Жаштык айылынын эки окуучусу  бошотулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган Баткен, Лейлек райондорунун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода баштаган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушту.

«Жолугушууда кыргыз-тажик чек аралаш аймактарында орун алган окуялар боюнча талкуу жүрдү. Анан да 23-сентябрь күнү Көк-Таш айылынын Дахма участкасында тажик окуучуларынын кыргыз окуучуларын мектептен кайтып келе жаткан жеринен ур-токмокко алгандыгы, Лейлек районунун Жаштык айылы менен чектешкен Тажикстандын Хистеварз айылындагы кармалган 2 окуучу боюнча кеп болду. Сүйлөшүүнүн натыйжасында Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалган эки окуучу Лейлек районунун Жаштык айылынын тургундары бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, эки тарап орун алган окуяларды жөнгө салуу жана чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абалды көзөмөлдөө, эки элдин ортосунда чыр-чатакка жол бербөө жана да соцтармактарда чыгып жаткан чагымчыл маалыматтарды көзөмөлдөө боюнча макулдашты.