Тажикстандын ТИМи Кыргызстандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Тажикстандагы элчисине кыргыз тараптын келишимдердин бузулгандыгы жөнүндө билдирүүсүнө байланыштуу нааразылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу «Азия-Плюс» өлкөнүн ТИМине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

«Тажик чек арачылары Тажикстандын аймагында, тактап айтканда, буга чейин эки мамлекеттин биргелешкен протоколу аркылуу чийилген жана макулдашылган аймакта турат. Тажик чек арачылары биздин аймакты кайтарууда жана чек ара күзөтү паритеттик принципте орнотулган», — деп билдирген министрликтен.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы Тажикстандын элчисине протест билдирүүчү нота тапшырган болчу.