«Такси айдап 2 баламды багып келем» дейт баспай калганын айткан келин

Мээргүл Дөөлөтбаева 37 жашта. 2 баланын апасы. Ал ага бала кезинде туура эмес ийне сайылып, кийин баспай калганын айтат. “Балдарымды багуу үчүн такси кызматында айдоочу болуп иштейм. Кээде той-топурда ырдайм” деген келиндин баянын видеодон көрүңүз.

«Унааны өзүмө ыңгайлаштырып алгам. 6 жылдан бери такси кызматында иштейм. 2 баламды багып келе жатам. Анча-мынча тойлорго барып, ырдап коем. Кол өнөрчүлүгүм бар. Торт бышырып да, жеткирип берип жаткам. Азыр ижарага алынган батирде жашагандыктан шартыма туура келбей жатат. Оңой акча эч жерде жок. 

Азыр унаага май куюуга барганда кыйналам. Акчаны кассага төлөгөндөй кылып коюшпадыбы. Мен барам да, сигнал берем. Инвалид деген белги бар менде, ошону көрсөтөм», — деди ал.