«Талак алыш үчүн күйөөмдүн мажбурлоосу менен бейтааныш адам менен түн өткөрдүм» дейт келин

SUPERTV’нын бул жолку каарманы Элеонора Эсенгулова болду. Каарманыбыз жашоосунда кайындары, жолдошу тарабынан бир катар кемсинтүүгө кабылганын айтып берди.

Ал турмушка 35 жашында чыккан. Анын айтымында, турмушка чыкканда эле кайненеси аны жактырган эмес. Жаңы баш кошкон жубайларды кайненеси бир төшөккө да чогуу жаткырган эмес. Келин жолдошу менен чоочун адамдар болуп 1 ай жашаганын, кийин кетип калганын, бирок жолдошу келиндин артынан кайра барып, кечирим сурап, унаа оңдоочу жайда жашап жүрүшкөнүн айтат. Ал күйөөсүнүн мажбурлоосу менен талак алыш үчүн бейтааныш адам менен никелешип түн өткөргөнгө мажбур болгонун да айтты.

«Жолдо келе жатып, аябай ыйлап келдим. Жаман иш кылганымды билип турдум. Келип үйгө жаттым. Эртеси жумушка келди. Бир күн жашап келгенимди айттым. Ошону угуп, унчукпай калып калды. Башка аялдар жөн эле ажырашып кетет экен. Ажырашкан соң башын деле оорутпайт экен. Көп аялдар талакты өздөрү сурайт. Мен ошол 3 айда жолдошумду аркасынан жакшы эле чуркадым. Бул жашоодо эң жакын адам ошол болчу. Азыр деле аны жакшы көрөм. Ошондон кийин өзүмдү башка аялдарга салыштырам», — деди ал.