Талант Мамытов: «Сууга, жолго, элге бөлүнгөн акчадан жеген адамдардын бир күнү бир жеринен чыгат»

«Мен ушул трибунадан айтып коёюн. Сууга, жолго, элге бөлүнгөн акчадан жеген адамдар эки дүйнөдө тең жакшы болбойт». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов айтты.

Ал фракциянын убактысын сурап, трибунада шайлоочулар менен жолукканын, анда Ноокенде иштеп жаткан Кытай компаниясынын ишмердиги тууралуу кеп кылды. Анын айтымында, бардык компания 20 миң сом айлык төлөп берет, ал эми ал жердеги компания 15 миң сом гана төлөйт жана 5 миң сомду өзүлөрү жешет. «Алар Жогорку Кеңештин, укук коргоо органдарынын атын сатышат экен. Соцфонд төлөнбөйт, шарттар түзүлгөн эмес», — деди ал.

«Бир күнү болбосо, бир күнү бир жеринен чыгат. Ошондуктан бул маселе боюнча да тапшырма берет элем. Анткени ал жерде 600дөн ашык адам иштейт», — деди ал.