Талас, Нарын, Ысык-Көлдө каны аз балдар көптүгү айтылды

Кыргызстанда кош бойлуу айымдардын 49 пайызы аз кандуулукка кабылат. Бул тууралуу «Аял жана балдардын тамактануусунун абалы» изилдөөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 6 айлыктан 5 жашка чейинки курактагы балдардын 30 пайыздан жогорусу аз кандуулук менен оорушат.

Мындай маселени болтурбоо үчүн аз кандуулукту көзөмөлдөөчү атайын программаларды иштеп чыгуу сунушталат. Ошондой эле аталган облустарда жашаган балдарга 6 айлык кезинен 2 жашка чейин жана кош бойлуу аялдарга темирди бекер бөлүштүрүү керектиги айтылат.