Бейшемби, 05.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Талас облусунда “Бала-Саруу” ГЭСи ишке киргизилди

18:02 21.05.2024
0
Талас облусунда “Бала-Саруу” ГЭСи ишке киргизилди

default

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Талас облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө “Бала-Саруу” ГЭСин ишке киргизди.

“Бала-Саруу” кичи ГЭСи Киров суу сактагычынын төмөнкү бьефинде жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератору менен курулган. Электр энергиясынын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 миллион кВт/саатты түзөт. Бул деген Талас облусунун эки районунун 19 миң абонентинин электр энергиясына болгон керектөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Президент дал ушул жерге 2021-жылдын август айында келип, “мезгил кутусун” салуу менен ГЭСтин курулушу башталганын эске салды. Ошондо көп эксперттер мындай ГЭСти 3 жылдын ичинде куруп бүтүрсө болот деп боолголошкон эле. “Биз “Бала-Саруу” ГЭСин долбоорлоо маселесин камтуу менен бирге 3 жылга жетпеген мезгил аралыгында куруп бүткөрүүгө жетиштик. “Бала-Саруу” ГЭСи — Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы чакан ГЭС куруу боюнча жүзөгө ашырылган алгачкы мамлекеттик долбоор. Бул долбоор мамлекет тарабынан электр кубатын өндүрүү тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет. Элибизге да, эл аралык коомчулукка да бийликтин ишенимин арттырат”, — деди президент.

Ал ошондой эле мурда мамлекеттик объектилерди куруу үчүн көп долбоорлорго эл аралык донорлордон насыяга каражат алып, ошол эле учурда аларды чет элдик ишканалар куруп келишкенин белгиледи. Садыр Жапаров “Бала-Саруу” ГЭСин куруу үчүн техникалык-экономикалык негиздемени Энергетика министрлигине караштуу илим-изилдөө институту учурдун талабына дал келтирип кайра иштеп чыкканын, ал эми курулуш иштерин ата мекендик ишканалар алпарганын белгилей кетти.

Ушул эле жерден мамлекет башчысы баскычты басып, андан кийин кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч гидроагрегатта электр энергиясы өндүрүлө баштады. Андан соң Садыр Жапаров башкы башкаруу щитке барып, жабык бөлүштүрүүчү түзүлүштү көрүп чыгып, гидроэлектростанциянын машина залына барды.

“Бала-Саруу” ГЭСине жалпы жонунан 2,8 миллиард сом жумшалды, анын ичинде Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун салымы да бар. Бул суммага гидроэлектростанциянын имаратынын курулушу, 110 кВ жабык бөлүштүрүүчү түзүлүштө жабдууларды монтаждоо, эки күч трансформаторун орнотуу жана узундугу 6,7 чакырым болгон “Бала-Саруу” — Кара-Арча жана “Бала-Саруу” — Покровка электр берүү чубалгыларын куруу иштери жүргүзүлгөн.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:14 05.03.2026
0

Депутат Дастан Бекешев Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) байланыштуу маселе көтөрдү. Ал жыйынтыктар мүмкүн болушунча ачык-айкын болуп, катышуучуларга өз убагында жеткирилиши...

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:34 05.03.2026
0

Соцтармактарда депутат Эрулан Көкүлов менен Кайгуул милициянын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Надырбек Жусуповдун диалогу делген аудио сүйлөшүү тарады. Бул тууралуу Спутник...

Депутатка жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салууга болобу?

Депутатка жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салууга болобу?

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:57 05.03.2026
0

"Жогорку Кеңештин депутаты жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде жоопкерчиликке тартылат. Депутаттык кол тийбестик негизинен кылмыш...

Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:55 05.03.2026
0

Кечээ, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө суроо берди. Бул суроолор айдоочулар айрым жол эрежелерин...

Жол эрежесин бузган айдоочулардан ордунан дароо экзамен алууну көздөгөн мыйзам долбоору парламентте кызуу талкуу жаратты

Жол эрежесин бузган айдоочулардан ордунан дароо экзамен алууну көздөгөн мыйзам долбоору парламентте кызуу талкуу жаратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:41 05.03.2026
0

Депутаттардын айрымдары киргизилип жаткан өзгөртүүлөр коррупцияга жол ачат деген жүйөө менен айдоочулар жолдон экзамен тапшыруусуна каршы пикирин айтты. Бирок мыйзам...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

11:34 05.03.2026
Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

13:04 05.03.2026
Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

Депутат Кокулов ИИМден анын катышуусундагы видео боюнча түшүндүрмө талап кылды

09:55 05.03.2026
Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Депутаттар арасындагы кырдаал жөнгө салынды

13:04 05.03.2026
Депутат Бекешев: «Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат»

Депутат Бекешев: "Өзгөндөгү мектептерде ЖРТга ондой окуучу гана киргизилип жатат"

12:14 05.03.2026
Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

Депутат Кокулов өзүнө карата соцтармактагы негатив боюнча үн катты

11:34 05.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү