Таласта Өмүрбек Бабановду колдогондор митинг өткөрүштү

Бүгүн, 8-июнда Талас шаарында экс-премьер Өмүрбек Бабановду колдогондор митинг өткөрүштү. Алар саясатчыга карата адилетсиз чечимге нааразычылыгын билдирип, анын бошотулушун талап кылышты. «Сот жабык өтүп, журналисттерди киргизбей жана эч кандай далилсиз камаганы адилетсиз» дешти митингдин катышуучулары.

Өмүрбек Бабанов 31-майда “Кумтөр” маселеси боюнча коррупцияга шектелип кармалып, 2-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.