Abank
SerepTV Logo

Талас ОИИБдин начальниги өздүк курамга тааныштырылды

Талас ОИИБдин начальниги өздүк курамга тааныштырылды
Ички иштер министринин буйругу менен Талас облустук ички иштер башкармалыгына начальник болуп милициянын полковниги Азамат Токтоналиев дайындалган. Бүгүн, 11-январь күнү ал облустук ички иштер органдарынын өздүк курамына тааныштырылды. Токтоналиев Азамат Шейшенбекович ички иштер органдарында 2000-жылдан бери эмгектенип келет. Билими жогорку юридикалык. Кызматты өспүрүмдөр менен иштөөдөн баштап, көп жылдар бою кылмыш иликтөө багытында эмгектенип, жетектөөчү кызматтарды ээлеп келүүдө.​ ​