Таласта 11 жаштагы Адинай 2 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Таластагы Айтматов районунун Аманбаев айылынын тургуну 11 жаштагы Анарбаева Адинай Эсенкановна 28-май күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Кийген кийими: Үстүндө ак түстөгү жемпир, боз түстөгү токулган жакет, астында кара түстөгү юбка, бутунда сыя түстөгү жайкы шлепка.

Белгилери: Бою 110-120 сантиметр, арыкчырай, бети тоголок, өңү кара тору, чачы күрөң кара түстө, ийинине чейин. Жогоруда көрсөтүлгөн кыздын жүргөн жери азыркы күнгө чейин белгисиз.

Көргөн билгендер болсо, же кандайдыр бир маалымат болсо, Айтматов РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 102 (03456 2-65-76) же 0707 375 064 0556 977 677 телефонуна чалууңуздарды суранабыз.