Таласта 13 жаштагы кош бойлуу кыз ооруканага түштү

Талас шаарында 13 жаштагы кош бойлуу кыз ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы кабарчысына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 2009-жылы төрөлгөн кыз мындан эки күн мурда Талас облустук ооруканасына жаткырылган. «Ал 27 апта кош бойлуу болуп түштү. Анемиянын оор түрүнө чалдыккан. Кичинесинен эле эпилепсия менен жабыркайт экен. УЗИге тартканда баласынын баш сөөгү өспөй, кичинекей болуп калганын көрсөттү. Кош бойлуулукту операция жолу менен токтотуу иштерине даярдык көрүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.