Таласта алимент төлөбөй жүргөн атанын карызы 600 миң сом болуп кеткен

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Талас облусунун тургундары менен жолугушту. Жолугушуу Талас шаарындагы музыкалык мектептин имаратында болду. Акыйкатчыга жолугууга  250гө жакын тургун келди.

Талас облусундагы Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү берген маалыматка таянсак, алимент өндүрүү боюнча маселелер тууралуу кайрылуулар көбөйгөн. “Соттун чечимдери болсо да, ажырашкан аталар өз балдарына алимент төлөбөй жаткандыгы тууралуу иштер бар. Мисалы, бир эркектин алимент боюнча карызы 600 миң сомдон ашып кеткен. Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсү менен аталган карызды төлөдү”, — деп айтты Талас облусундагы Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү Жакшыгүл Узакбаева.